- Ак мөңгүлүү аска зоолор, талаалар,
- Элибиздин жаны менен барабар.
- Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
- Сактап келди биздин ата-бабалар.
- Кайырмасы:
- Алгалай бер, кыргыз эл,
- Азаттыктын жолунда.
- Өркүндөй бер, өсө бер,
- Өз тагдырың колунда.
- Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
- Досторуна даяр дилин берүүгө.
- Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
- Бейкуттукту берет кыргыз жерине.
- Кайырмасы:
- Аткарылып элдин үмүт, тилеги,
- Желбиреди эркиндиктин желеги.
- Бизге жеткен ата салтын, мурасын,
- Ыйык сактап урпактарга берели.
- Кайырмасы:
|
- Высокие горы, долины, поля —
- Родная, заветная наша земля.
- Отцы наши жили среди Ала-Тоо,
- Всегда свою родину свято храня.
- Припев:
- Вперёд, кыргызский народ,
- Путем свободы вперёд!
- Взрастай, народ, расцветай,
- Свою судьбу созидай!
- Извечно народ наш для дружбы открыт,
- Единство и дружбу он в сердце хранит.
- Земля Кыргызстана, родная страна
- Лучами согласия озарена.
- Припев:
- Мечты и надежды отцов сбылись.
- И знамя свободы возносится ввысь.
- Наследье отцов наших передадим,
- На благо народа потомкам своим.
- Припев:
|